super.kg logo

Украинадагы президенттик шайлоо: Бюлеттендердин 99,8 пайызы саналып бүттү

 

Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда президенттик шайлоодогу бюлеттендердин 99,8 пайызы саналып бүттү.

Белгилүү болгондой, Володимир Зеленский 73,22 пайыз добуш алса, атаандашы Петро Порошенко 24,5 пайыз добуш топтогон. Бул маалыматтар улуттук экзит поллдун маалыматтары менен дал келгени жарыяланды.

Зеленский 88 пайыз добушту өзү туулган Днепропетровск облусунан алган. Киев облусундагы шайлоочулар ага 70 пайыз добуш беришкен. Ал эми Порошенко Львовск облусунан гана эң көп 64 пайыз добуш ала алган.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрелде шайлоонун акыркы расмий жыйынтыгын жарыялайт.

21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун 2-туру болуп өтүп, ага биринчи турдан эң көп добуш алган талапкерлер куудул Володимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
23.04.2019. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биз деле Рахманды же Борончуну шайлайт окшойбуз
23.04.2019. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
BekAmir, Садыр же Мелис болот буйруса.
23.04.2019. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл шайлап жатат.мадумаров,бизге клоундун кереги жок. Биз украина эмеспиз жарымы согуш жарымын алдырып жиберген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: