ЖЫЛНААМА, 23-АПРЕЛЬ: Китептин жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнү
Бүгүн, 23-апрель - Китептин жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү катары белгиленет. 23-апрель дүйнөлүк адабият үчүн символдук мааниси бар дата. Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. Мындан улам ЮНЕСКО уюмунун Башкы Конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Китептин бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөө шартын кабыл алган. Өкмөттүк токтомдо Китептин бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.
23-апрелге карата жылнаама.


