super.kg logo

Жети-Өгүздө 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Жигули унаасы эки унаанын ортосунда калып калган

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Окуянын күбөсүнүн SUPER.KG'ге билдиргенине караганда, кырсыктан 4 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-апрелде кечки саат 6:30 чамасында орун алган. Кырсык 3 унаанын катышуусунда болгон. Жигули үлгүсүндөгү унаа өз тилкесинде келе жатканда Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып, Жигулинин маңдайынан келип сүзгөн. Бул учурда Жигулинин артынан келе жаткан унаа аны артынан келип сүзүп, Жигули эки унаанын ортосунда калган. Унаанын ичиндеги 4 жүргүнчүнүн экөө окуя болгон жерден каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген. Ал жактан эки жабырлануучунун бири өзүнө келбей каза болсо, бирөө оор абалда экени маалым болду. Ал эми Тойота Авенсис унаасынын айдоочусу каза болгон.

Күбөнүн айтымында, каза болгондордон тышкары дагы башка адамдар жаракат алышкан. Ал эми каза болгондор Жети-Өгүз районунун тургундары алардын бири 38, экөө 37, бирөө 33 жашта болушканын кошумчалады күбө.






Жети-Өгүздө жол кырсыга катталып, 4 адам каза болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.04.2019. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырында ошондой жазылган болсо айла жок пешене да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: