Даниянын эң бай адамы Шри-Ланкадагы теракттан 3 баласынан айрылды






Даниянын эң бай адамы, миллиардер Андерс Холх Повлсен Шри-Ланкадагы теракттан 3 баласын жоготту. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, миллиардер үй-бүлөсү менен эс алуу үчүн Шри-Ланкага келген.
46 жаштагы миллиардер жубайы, Альма, Астред, Агнес аттуу кыздары жана Альфред деген баласы менен Пасха майрамына карата эс алуу үчүн келишкен. 21-апрелде Шри-Ланкада 8 жардыруу болуп, жергиликтүү тургундар, туристтер каза болгон. Каза болгондордун арасында Андерс Холх Повлсендин балдары дагы бар экени маалымдалган. Азырынча миллиардердин каза болгон балдарынын ысымдары айтыла элек.
Андерс Холх Повлсен - "Bestseller" эл аралык кийимдер түйүнүнүн ээси, британиялык "Asos" интернет дүкөнүнүн акционери.
Буга чейин Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгону айтылган. Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, жетинчи жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми сегизинчи жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде орун алган.




Байкуш мусулмандар эзилип бутмой болушту окшойт!
Сирияны да мусулмандар бомбалады деп элди динден алыстатышты,"капырлар айла кылышат,бирок,Аллах айлакерирээк"