super.kg logo

Жактоочу: "Садыр Жапаровдун соту мыйзам талаптарын бузуу менен башталды"

 

"Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок, ал акталууга тийиш", - деп бүгүн, 23-апрелде Жогорку Сотто соттук отурум аяктаган соң анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Бүгүнкү соттук отурум башталганда эле мыйзам талаптарын бузуу менен башталды. Судьялык коллегияга төрагалык кылган Лепес Темирбеков жактоочуларды тааныштырып, калган соттук курамды тааныштырбай туруп кийинки эрежеге өтүп кетти. Мыйзамдын талабына ылайык, алгач соттун курамы тааныштырылып, андан соң ишенбөөчүлүк барбы же жокпу деп аныкташы керек болчу. Бирок бул нерсе биз мыйзам талабы бузулгандыгын айткан соң гана айтылды.

Мен ишти карап жаткан соттук коллегияга төрагалык кылып жаткан Лепес Темирбековго ишенбөөчүлүк билдирдим, себеби 2013-жылдын 6-августунда Жогорку Сотто "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровго жана депутаттар Талант Мамытов менен Камчыбек Ташиевге мыйзамсыз өкүм чыгарган. Анда да ал мыйзам талаптарын бузган. Ал соттук курамда баяндоочу болгон, бардык келтирилген далилдерибизди эске албастан шаардык соттун мыйзамдуу чыгарган өкүмүн жокко чыгарып мыйзамсыз деп тапкан. Эгер ошондо мыйзамдуу чечимдер кабыл алынса, бүгүнкү күндөгү абалга жетпейт болчу. Эгер ал бул ишти карай турган болсо, акыйкаттуу чечим чыгарына көзүм жетпейт. Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок экени анык, бул иште жабырлануучу жок болгондугуна байланыштуу иш толук акталууга тийиш", - деди Токтосунов.

Садыр Жапаровдун иши боюнча кийинки соттук кароо 30-апрелге дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.04.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акталсын!!!!
23.04.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимде ким Садыр Жапаровту Жок жерден жазага тарткан болсо ошол кун озунун башына келет или балдарынын Кудай баарын коруп турат
23.04.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаевди Кызыл килем менен качырганды камабайсынарбы? Элдин канын соруп жарылайын деп калгандарды камабайсынарбы?. Бул жерден ЧОООН саясат бар
23.04.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садыр Жапаровдун сотун эми соттор акыйкат, калыс чечим чыгарат деген ойдомун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: