super.kg logo

Ош шаарында банкоматтарды талкалап, ири суммадагы акча каражаттарын уурдаган шектүүлөр кармалды

 

Ош шаарында банкоматтарды талкалап ири суммадагы акча каражаттарын уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, ушундай эле кылмыштар Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын аймагында болгон. Биринчи факты Талас облусунда катталган. 2018-жылдын 12-декабрында белгисиз адамдар Талас районундагы Айыл өкмөттүн имаратына киришип, иш бөлмөдөгү сейфти талкалашып, 31 миң сомдон ашык акча каражатын алып кетишкен . Кылмышкерлер андан сырткары “Бакай Банк” банкоматынын арткы бөлүгүн талкалашып 801 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен. Жалпысынан 833 миң сомдон ашык материалдык зыянга учураткан.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында экинчи банкоматты талкалоо фактысы катталаган. 2019-жылдын 2-февраль күнү кечинде Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында белгисиз адамдар “РСК-банк” банкоматын талкалашып, аны уурдоого аракет кылышкан. Келтирилген чыгым 1 000 000 сомго бааланууда.

10-февралга караган түнү Араван районунда жайгашкан “АКБ Кыргызстан” банкынын банкоматын белгисиз адамдар ичинде калган 900 300 сом акчаны банкоматты бузуу менен акчаларды уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

2019-жылдын 3-мартка караган түнү Ош шаарындагы Филармониянын артында жайгашкан “АКБ Кыргызстан” банкынын банкоматын талкалап, ичинен 1 миллион 500 миң сом акча каражатын алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

2019-жылдын 12-апрелде түнү Нарын облусунун Нарын шаарында драма театрдын артында жайгашкан “АКБ Кыргызстан” банкынын банкоматын талкалап, ичинен 2 миллион 400 миң сом акча каражатын тоноп кетишкен. Ошол эле күнү Нарын шаарында кылмышкерлер “КICВ-банк” банкоматын талкалашып, 2 миллион 350 миң сом акча каражатын алып кетишкен. Жалпысынан банкоматтардан 9 миллион сомго жакын акча каражаты уурдалган.

"Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1989-жылы туулган К.А. кармалып, камакка алынган. Кармалган жарандын айдап жүргөн Митсубиси Спейс Стар үлгүсүндөгү автоунаада тинтүү жүргүзгөн учурда жалпы суммасы 990 000 сом акча каражаты табылган. Мындан сырткары Чүй облусунун тургуну 1985-жылы туулган А.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Далил катары үйүнөн темир буюмду кесүүчү аспаптар, 2 даана ноутбук, ок атуучу курал, кылмыш жасаган учурда кийген кийим алынган", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кылмышка катыштыгы бар башка жарандардын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
23.04.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле кармалдыбы ээ? Уурунун арты кууш деп коет беле?
23.04.2019. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунча жерди талкалап уурдап жургучо милиция каякты карады экен ? Ишениш кыйын го?
23.04.2019. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неужели
23.04.2019. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишениш кыйынго ушулар кылганына.
23.04.2019. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арасында кой терисин жамынган карышкылар болсо керек менимче.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: