super.kg logo

Жалал-Абадда мектеп мугалими кургак учуктун ачык түрү менен ооругандыгы аныкталды. Текшерүүдө 2 окуучудан оору белгилери байкалган

 

Сузак районунун Барпы айылындагы орто мектепте эмгектенген мугалимдердин бири кургак учуктун ачык түрү менен ооруганына карабай иштеп келген. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган айылдын тургуну билдирди.

"Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Барпы айылындагы Т.Темирбаев атындагы мектептин мугалимдеринин бири кургак учук менен ооруп жүргөнү белгилүү болгондон кийин мектеп окуучулары эмдөөдөн өткөрүлгөн. Эмдөөдөн өткөн соң жүздөгөн окуучулардын колдору шишип, рентгенден өтүүгө жиберилген. Алардын ичинен 2 балага оору жугуп калган деген шек менен Жалал-Абад шаарындагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылды. Муну уккандан кийин балдарыбызды мектепке жибергенден коркуп калдык.

Эмнеге мугалимдердин ден соолугун текшербей туруп иштегенге уруксат берет? Оору жугузган балдар үчүн ким жоопкерчилик алат? Биздин кошунабыздын баласы да ооруканага жатып калды. Ата-энеси "эч кимге айтпагыла дешти" деп тиешелүү органдарга арыздана албай коркуп отурушат", - деди айыл тургуну.

Аталган маалыматты Жалал-Абад шаарындагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Бурул Кадырова да тастыктады. Анын айтымында кургак учук менен ооруп жүргөн мугалим мектепке жакын жайгашкан спорт комплексинде да кароолчу болуп иштеп жүргөн.

"Темирбаев атындагы гимназия мектебинде иштеген 56 жаштагы А.С. аттуу мугалим 25-март күнү биздин борборго жаткан. Текшерүүдө анда кургак учуктун БК+ формасындагы ачык түрү бар экендиги аныкталган. Мугалимдин оорусу белгилүү болгондон кийин Барпы айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигине кат жазып, мектептин окуучуларын текшерүүгө тапшырма бергенбиз. Бардык балдар эмдөөдөн өткөрүлүп, рентгенге түшүрүлгөн. Жыйынтыгында 6-класстын 2 окуучусунан оорунун белгилери байкалып, алар учурда балдар бөлүмүндө дарыланып жатышат.

Окуучулардын абалы азыр жакшы. Алардын өпкө жолдорундагы бронха бези чоңоюп калган. Кургак учук ошол бронха бездеринен башталат. Бирок өпкөгө өткөн эмес. Балдардын организми жакшы болгондуктан дарылоону жакшы кабыл алып жатат. Алардын айыгып кетүүсүнө кепилдик бар", - деди Кадырова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
24.04.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мед кинга жасатып анан ишке алыш керек Россиядай кылып
25.04.2019. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Patirot, анда аны деле акчага сатышат биздин шумпайлар!
24.04.2019. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошо да медкнижка сураш керек любой жерде анан кан тапшырып баарыбыз отушубзу керек кудай сактасын эми. Кургак учукка срочно ооруп калган 2 бала кучуктун этин шорпо кылып кайнатып абдан кайнатып суусу аз калганда ичирип коюшсун сакайып кетет жоголуп кетет. Биз жакта биро ошентип ичип айыгып кетти.
24.04.2019. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Санкнижка бар. Жылда отуп турушат. Бирок ал жерге барып кезек кутуп флюрограммага тушкондон зээригип, же убактым аяп акча берип бастыра калышат да допуск к работе деген печатты.
25.04.2019. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа ошо санкнижканы акчага бастырып алгандын кесепетида. Озубуздо да куноо зээригип же иштен бошобогон адам болуп акчага бастыра коебуз, ден-соолук акыры озубузго керекго.
25.04.2019. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоопкерчилик жок да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: