Бишкекте унаасы менен көпүрөдөн түшүп кеткен айдоочу кыздын акыреги, 8 кабыргасы жана жамбаш сөөгү сынган
Бишкекте унаасы менен көпүрөдөн түшүп кеткен айдоочу кыздын акыреги, 8 кабыргасы жана жамбаш сөөгү сынган. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков кабарлады.
"Жабырлануучунун акыреги, 8 кабыргасы жана жамбаш сөөгү сынган. Бүгүн эртең менен ал жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которулду. Учурда ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ал дарыгерлердин кароосунда болууда. Абалы туруктуу", - дейт Кубатбеков.
Окуянын чоо жайына кайрылсак:
Жол кырсыгы 21-апрелден 22-апрелге караган түнү, саат 02:00 чамасында Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдө орун алган. Анда Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон чыгып кетип көпүрөдөн түшүп кеткен.



Биринчиден жол эрежесин сактабаган өзү күнөөлүү .
Айдоочу күбөлүгүн сатып алган болсо анда көөп адам күнөөлүү болуп калат.