super.kg logo

О! мобилдик оператору Кыргызстандын калкынын 94 пайызын жалпы улуттук 4G түйүнү менен камтылышын камсыздай алды

 

О! Мобилдик оператору эки жылдын ичинде Жалпы улуттук 4G түйүнүн куруу боюнча долбоорун ийгиликтүү жүзөгө ашырды.

Бул тууралуу кечээ Ош шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун, аткаруу бийлигинин, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш операторлорунун, коомдук бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн “Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү” аттуу Биринчи Телекоммуникациялык Форумда белгилүү болду.

Президент белгилегендей, Кыргыз Республикасынын бардык айыл аймактарын кең тилкелүү интернетке кирүү менен камсыз кылуу бардык телеком-операторлорунун эң биринчи алдына коюлган милдеттеринен болуп саналат. Интернетке жалпы кирүү мүмкүнчүлүгү калктын турмуш сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет, билим алууга, бизнесин өнүктүрүүгө жана аймактарда санариптик кызматтардан пайдаланууга жагымдуу шарттарды түзөт. Мында өлкөнүн дээрлик 90 пайызы тоолуу аймактарга кирерин жана узак жайгашкан региондордун бардык айылдарына байланыштын булалык-оптикалык линияларын өткөрүү абдан кыйынчылыктарды жаратарын унутпоо керек.

О! Мобилдик оператору Кыргызстандын калкынын 94 пайызын 4G интернетке жалпы жетүү мүмкүндүгүн камсыздады. Мунун натыйжасында, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында лидерлик позицияда турат.

Бүгүнкү күндө О! оператору тарабынан аябагандай чоӊ иш аткарылды, Кыргызстандын 6 миллионго жакын тургуну О! операторунан инновациялык технологияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Ал эми О! мобилдик операторунун түйүндү ѳнүктүрүү багытындагы капиталдык инвестициялары 3 жылдын ичинде 65 миллион АКШ долларынан ашты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
23.04.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдонуп жатат иштетип жатат дегенинер менен ылдамдык мурункудай эмес.Бишкекте эле жакшы иштемиш болот да уйго келгенде такыр олуп калат катып,негизи биздин айылга(район Аксы,Ак-Суу айылы) 3G коюлганы менен ылдамдык -Еден айырмаланбайт.Санды кобойтпой сапатты да жакшырткылачы.Бир нерсе тушунуксуз, силер берген мб бат жок болот,Ошканыкы.Инста [moderated] коз ачып жумганча мб жок
23.04.2019. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп эле сөз да
24.04.2019. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылдамдык аябай жаман, сапаты да начар. Катып кала берип жинге тийди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: