super.kg logo

"Мой О!" мобилдик экотутуму накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө шарт түзөт

 

"Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" аттуу биринчи телекоммуникациялык форумдун алкагында О! Мобилдик оператору бир эле учурда электрондук капчыкты да, жеке кабинетти да жана O!Store онлайн-дүкөнүн да камтыган "Мой О!" мобилдик экотутумун өнүктүрүү боюнча маалыматтары менен бөлүштү.

Эске салсак, О! мобилдик оператору "Грин Телеком Сервис" менен бирге алгачкылардан болуп 2017-жылы "О!Деньги" электрондук капчыгын ишке киргизген. Ал эми бүгүнкү күндѳ капчык "Мой О!" абоненттери үчүн мобилдик кызматтардын бирдиктүү экотутумуна кирет.

"Мой О!" тиркемесинин колдонуучулары үйдѳн чыкпай туруп тѳмѳнкү иш-аракеттерди аткара алат:

  • мобилдик телефондун балансын толуктоо
  • "О!Деньги" капчыгы аркылуу накталай эмес тѳлѳмдѳрдү ишке ашыруу
  • "Коопсуз шаар" системасында айып пулдарды тѳлѳѳ
  • коммуналдык кызматтар кошулуп, 300дѳн ашык кызматтарды тѳлѳѳ
  • жеке кызматтары менен тарифтерин башкаруу
  • O!Store интернет-дүкѳнүнѳн сатып алууларды ишке ашыруу
  • банктык карталарды кошуу жана колдонуу

Бүгүнкү күндө "О!Деньги" мобилдик электрондук капчыгы Элкарт улуттук тѳлѳѳ тутумуна интеграцияланган. Бул болсо, ѳлкѳнүн бардык аймактарында накталай эмес тѳлѳмдѳрдү ѳнүктүрүүгѳ түрткү берет.

"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт.

КРУБ лицензиялары: № 2021030817, 3022030817.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: