super.kg logo

О! Мобилдик оператору телекоммуникациялык форумда пилоттук инновациялык долбоорун сунуштады

 

О! Мобилдик оператору "Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" аттуу биринчи телекоммуникациялык форумунун алкагындагы мини-эксподо президентке жана форумдун катышуучуларына кагаз процедураларын талап кылбай турган абоненттерди санариптик персонификациялоо боюнча жаӊы долбоорун сунуштады.

Бул - ѳз алдынча же болбосо оператордун соода ѳкүлүнүн жардамы менен персонификациядан ѳтүп, SIM-картаны каттоо үчүн ыӊгайлуу интерфейси бар мобилдик тиркеме.

Жалпы процесс болгону эки мүнѳт алат:

  1. Тиркемеде SIM-картадагы телефон номери жазылат, ал эми түзүм анын бош же бош эмес экендигин текшерет.
  2. Тиркемеде паспорттун (ID) эки тарабы, паспорту менен абонент жана SIM-картанын ѳзү сүрѳткѳ тартылат.
  3. Тутум автоматтык түрдѳ абоненттин келбетин паспорттогу сүрѳт менен салыштырып текшерет.

Тиркемедеги бардык маалымат оператордун маалымат базасында сакталып калат.

Бул учурда ченемдик-укуктук базага тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген соң гана долбоордун келечекте ишке ашырылышы мүмкүн. Аталган долбоор колдоого алынса жана ишке киргизилсе, мобилдик абоненттердин санариптик персонификациясын бардык санариптик кызматтарга, анын ичинде мамлекеттик кызматтар менен ТҮНДҮК тутумунун порталына кирүү мүмкүндүгү үчүн колдонууга болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: