super.kg logo

Спайсты жайылтууга шектелип кармалган ИИМдин академиясынын студенти боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду

 

Психотроптук заттар менен кармалган студент боюнча ИИМдин академиясы төмөндөгүлөрдү маалымдайт. Шектүү деп кармалгандардын бири 19 жаштагы А.Д. ИИМдин академиясынын курсанты эмес студенти. Себеби ал контракттык негизде окугандыктан студент болуп саналат. Ал эми курсанттар бюджеттик билим алышат, погон тагынып, милициянын формасын кийишет.

"Шектелип кармалган студент А.Д. ИИМдин академиясында контракттык негизде 2-курста окуйт. Ал 19-апрелде сабакка келген. Ал эми 22-23-апрелде сабакка келген эмес. Эмнеге келген эместигин факультеттин кызматкерлери телефон аркылуу апасы менен байланышканда баласы ооруп жаткандыгын билдирген. Аталган факты боюнча ИИМдин академиясында кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүүдө",- деди басма сөз кызматкери.

20-апрель күнү психотроптук заттарды жайылтуучу каналды түзгөн 20 жана 19 жаштагы студенттер кармалышканы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.04.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылмышкерлер дал ушул ИИМдин академиясында.Бул биринчи окуя эмес
.Буга чейин да болгон.
23.04.2019. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дагы бир чиновниктин баласыда,келечектеги депутат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: