super.kg logo

Журналист Мирбек Айтикеев: "Келинчегиме оорукананын директору тарабынан кысым болуп жатат"

 

Журналист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 17-апрелде дүйнөгө келе элек наристесин жоготконун билдирген. Келинчеги оор абалда Каракол шаарындагы ооруканада экени маалым болгон.

Бүгүн, 23-апрелде ал келинчегине оорукананын директору тарабынан кысым болуп жатканын жазып чыкты.

"Азыр эле келинчегим ыйлап чалды. Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын директору Токтобай Маанаев келип, келинчегимди ызалантып кетиптир. "Күйөөңдүн интернетке жазганын билесиңби?
Өзүңдүн аман калганыңа сүйүнсөң. Ызы-чуу чыгарганды күйөөң жакшы билет экен" дегендей сөздөрдү айтыптыр. Бул дарыгер эмес эле акмак экен. Өзү жандандыруу бөлүмүнөн жаңы палатага которулуп араң жатса, ден соолугун суроонун ордуна "сурак" жүргүзгөн кандай неме? Мына төрөйм деген ымыркайынан ажыроо эне үчүн чоң жоготуу. Муну билип туруп психологиялык кысым жасаган Маанаев анык текебер, анык таш боор экен. Жараны өзү тырмап жатса, кол алдындагылар жыргатып карашмак беле? Чыңгыз Эсенгулов, (Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы - ред.) "министрге айттык, териштирет дедиңиз эле. Кана?" - дейт Айтикеев.

Ал эми Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын директору Токтобай Маанаев журналист Мирбек Айтикеевдин жубайына кысым көрсөтпөгөнүн айтууда.

"Бүгүн бейтаптардан кабар алып, текшерип чыктым. Анын келинчеги менен да жолугушуп абалын, таңууларын кайра жаңылоо керекпи же керек эместигин сурадым. Менин жанымда башка кызматкерлер бар эле. Интернетке чыгыптыр деп көрсөттүм. Аны өзү билет экен. Башка эч нерсе деген жокмун. Мирбек Айтикеевдин жазгандарын окудум. Келинчегинин абалы жакшы", - дейт Токтобай Маанаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.04.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жанынар чыгып кетсе экен калпты чындай суйлогон шалаакы врачтар
23.04.2019. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Врачтардын көпчүлүгү өздөрүн Кудай сезип калган заман азыр.
23.04.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин врачтар акыркы кундору адам омуруно ото конул кош мамиле кылып калышты (( . Абдан окунучтуу. Сиз келинчегинизди шаарга которуп келбесениз, кек сактап калган врачтар калтыруу кооптууго дейм
23.04.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazya5,гиппократтын анты не болот,врачтар кек сактаса,ыйманды өздөрүнө берсин дейбиз
tursunbaev78 түзөттү 2019-04-23 22:35:19
24.04.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev78, Гиппократ не Аллах беле
23.04.2019. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Частный клиника баргыла
24.04.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле бейтаптардан кабар алып, танууларын текшерип...
Шаардык оорукананын директору биринчи жолу угушум бейтаптарга кирип кабар алганын.Дарылаган эле врач карайт болчу же болум башчы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: