Индияда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды
Индияда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты."Жер титирөө кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:15 чамасында Аруначал-Прадеш аймагында орун алган. Жер титирөөнүн очогу Алонг шаарынын түндүк-батыш тарабынын 41-чакырымында, Итанагар шаарынан түндүк-чыгыш тарабынын 175-чакырымында жайгашкан. Учурда кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















