super.kg logo

Шри-Ланкадагы жардырууларды уюштурууга шектелип, 40ка жакын адам кармалды

 

Шри-Ланкадагы жардырууларды уюштурууга шектелип, 40ка жакын адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны 311ге жетти, анын 39у чет элдик жарандар.

"Жардырууларга эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок жергиликтүү бийлик көпчүлүккө таанылбаган радикалдык-эстремисттик "Таудид Жамаат" уюмун айыптоодо. Тергөөчүлөр бул уюм жардырууларды өз алдынча уюштура алмак эмес жана буга кайсы бир эл аралык уюмдун жардамы тийген деп болжоодо", - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

21-апрель күнү Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгону айтылган. Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, жетинчи жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми сегизинчи жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: