super.kg logo

Германияда комада жаткан бейтап 27 жылдан кийин көзүн ачкан

 

Германиядагы клиникалардын биринде комада жаткан аял 27 жылдан кийин көзүн ачып, кыймыл жасаган. Окуя 1991-жылы Бириккен Араб Эмираттарында болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, мындан 28 жыл мурда Аль-Айн шаарына жакын жерде жол кырсыгы орун алып, анда окуучуларды ташыган автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн. Жеңил унаада Мунира Абдулла, анын 4 жаштагы баласы жана күйөө баласы болгон. Мунира Абдулла кырсык учурунда баласын денеси менен тосуп, баш мээсинен оор жаракат алган. Ага жергиликтүү ооруканадан медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Лондондогу ооруканага диагноз коюу үчүн алып келишкен. Анткени Мунира Абдулла ооруну сезгени менен эсине келбей, комага түшүп калган. Бейтапты кайрадан БАЭдеги ооруканага которушуп, физиотерапия жасап, түтүк аркылуу тамактандырып турушкан.

2017-жылы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Зайд аль-Нахайян бул окуяны уккандан кийин Мунира Абдулланын дарылануусун Германиядагы ооруканалардын биринде улантуусуна акча которгон. 2018-жылдын июнь айында Мунира Абдулла көзүн ачып, үн чыгара баштаган. Дагы 3 күндөн кийин ал баласынын атын айткан. Эсине келген бейтап бир нече күндөн кийин сөздөрдү даана, так айтып баштаган. Учурда Мунира Абдулла дарылануусун Абу-Дабиде улантып жатат.

"Мен үмүтүмдү үзгөн жокмун. Анткени апам эсине келерин сезгем. Мен бул окуяны адамдар эч убакта жакшылыктан үмүтүн үзбөсүн деген максатта айтып чыккам. Жакын адамыңар ушундай абалда болсо аны өлүп калды деп санабагыла. 27 жыл бою дарыгерлер мага апамды дарылоонун кереги жок экенин айтып келишкен. Бирок дарыгерлердин мындай сөздөрүнөн кийин өзүмдү апамдын ордуна коюп көрдүм. Апамдын эсине келиши үчүн бардык аракетимди жумшадым", - деген комага түшүп калган аялдын баласы Омар Вебер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
24.04.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Биздин врачтар болгондо кааласан каалабасан колуна чыгарып бермек адам болбойт бир жумада олот же олду деп. 27 жыл тамактандырып караган ошол врачтарга таазим
24.04.2019. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
u02u02,Биздин медицинадагы система башка. Сөз врачтарда эмес, сөз системада.
24.04.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо Омар Вебер кырсык болгондо 4 жашта болгон баласы экен да э?..
24.04.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эчкимдин апасы оорубасын
24.04.2019. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилер 3 кундо озуно келбесе олот деген диагноз коюшат го
25.04.2019. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shokoladka94,бизде медициналык страховка жок. Башка өнүккөн мамлекеттерде айына медстраховкага акча төлөшөт. Бейтапка страховка төлөп берет ооруп калса.
24.04.2019. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мураскер ханзаадага рахмат
24.04.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин апамы болду апкелбегиле деген цирроз печень эле максимум 6ай жашайт деп. Тообо тируу козу ачык суйлоп отурган адамды. Апам 11ай жашадыго. Урушуп журуп зорго келет эле врачтар.эстесем кыжырым келет бети жокторго.
24.04.2019. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдардын билим деңгээли , акыл эси , жашоого болгон көз карашы жогору . Жакшы жактарын алып жашасак болмок. Бирок медицинадагы системасы бизге туура келбейт. Ай сайын денсоолугуна страховка акча төлөө өтө оор болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: