super.kg logo

УКМКнын төрагасы депутаттарга: "Бейөкмөт уюмдар бизди "санариптешүүгө балта чаап жатат" деп күнөөлөшүүдө"

 

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берүүдө. Анын жүрүшүндө депутаттар паспорт чыры боюнча маселени көтөрүштү. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов маалымат берди.

Башында ал паспорт тармагы абдан коррупциялашып кеткенин айтты. "Бизде паспорттук реформа 1994-жылдан бери келе жатат. Ошол күндөн бери Кыргыз мамлекетинин паспорту бүт террорчулар, экстремисттер колдонуп келе жатат. 2014-жылы Стамбулда 98 Кытай жарандары Кыргыз паспорттору менен качып бараткан жеринен кармалган. Жакында Киевдеги жардырууга айыпталып кармалган 2 адамда Кыргыз паспорттору чыккан. Ошондуктан бул тармак абдан коррупциялашып кетти. 2012-жылдан тарта УКМК паспортко байланыштуу мыйзамсыз иштер боюнча 150 кылмыш ишин козгогон", - деди Кадыркулов.

Андан соң ал жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчү болуп чыккан "Гарсу Пасаулис" литвалык компаниясы тууралуу маалыматтарды билдирди.

“Гарсу Пасаулиске” Брюссель прокуратурасы тарабынан 2 кылмыш иши козголгон экен. Эл аралык серепчилер бул фирма жакшы эмес деп баа берип жатышат. Бирок ошого карабастан бизде тендерде ал жеңүүчү болуп чыкты. Ал үчүн кээ бир талаптарды жумшартып, атаандаштарына кээ бир талаптарды күчөтүп, атайын даярдап бергендей сезилет", - деди УКМКнын төрагасы.

Сөзүнүн аягында ал депутаттарга кайрылып: "Бейөкмөт уюмдар бизди "санариптешүүгө балта чаап жатат" деп күнөөлөшүүдө", - деп айтты.

1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон. 16-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Айыпталып жаткандар "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.04.2019. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда мыйзамды эн коп бузган ушул ГКНБ. ГКНБ озунчо эле саясатташкан орган болуп кетти. Элдин эч ишеними жок.
24.04.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
УКМК азыр өз милдетин так аткарып жатат. Жумурткадан кыр издегенди токтотолу туугандар.
24.04.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
УКМК жакшы иштеп жатат Оштогу Салыктан качкан ишкерлерди текшерип койсонор жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: