Бишкектин борборунда жарылуучу зат коюлган деген маалымат тарады. Бомба табылган жок
Бишкектин борборунда УКМКнын кызматкерлери жарылуучу зат болушу мүмкүн деп бомба издеп, бирок табышкан жок. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.
Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, бүгүн, 24-апрелде саат 11:05 чамасында чалуу келип, Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү баштык турганын айтышкан. Айтылган аймакты ИИМ кызматкерлери курчоого алып, жарылуучу затты издөө үчүн УКМКнын кызматкерлери келишкен. Аталган комитеттин маалыматына караганда, курчоого алынган даректен жарылуучу зат табылган жок. Күмөн санаткан баштыктын ичинде таштанды болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Rifle_I

24.04.2019. 23:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул алаксытуу максатта кабар болушу да мүмкүн . Бомба деп айтып коюп, башка жерде маанилүү иш жасап алат да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.