super.kg logo

Ошто 3 оор кылмыш катталды. Алардын экөө киши өлтүрүү. 3 кылмышка тең аялдар шектелип кармалды

 

Акыркы 5 күн аралыгында Ош шаарында 3 оор кылмыштарды жасоо фактысы катталды. Үч кылмышка тең аялдар шектелүүдө. Мындай маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматы таратты.

"Шектүүлөр кылмыш катталган күндөрү эле кармалып, тергөө кызматына тапшырылган. Бүгүнкү күндө шектүүлөрдүн үстүнөн сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биринчи кылмыш тууралуу маалымат 18-апрель күнү келип түшкөн. 17-апрель күнү Ош шаарынын 1978-жылы туулган тургуну өз үйүндө күйөөсү менен чырдаша кетип, көкүрөгүнө отвёртка менен сайып салган. Жарааты менен ооруканага кайрылган жаранды дарыгерлер сактап калууга жетишкен. Жубайлардын чырдашуусунун себеби алгачкы тергөө амалдарында маалым болду. Жабырлануучу аялын үйүндө иштеп жаткан устадан кызгануусу чырга себеп болгон.

Экинчи кылмыш иши 19-апрель күнү болгон. Болжол менен саат 16:30 чамасында, Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде 1951-жылы туулган аялдын бычакталып өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Кылмышка шектүү катары ошол эле күнү анын 1974-жылы туулган кызы кармалган. Алгачкы тергөө амалынын негизинде эки аялдын ортосундагы чыр финансы маселесинен улам чыкканы маалым болду.

Үчүнчү кылмыш иши тууралуу маалымат 22-апрель күнү келип түшкөн. Ош шаарына караштуу Учар айылынын үстүндө жайгашкан дачалардын биринен 22-апрель күнү Мамат аттуу адамдын жансыз денеси табылган. Ал бычактан жаракат алып каза болгондугу аныкталган. Бул кылмышка шектелип, ошол дачанын ээси, 1971-жылы туулган аял кармалган. Өзгөчө оор кылмыштын себебин шектүү аял "ал мени зордуктоого аракет жасады" деп түшүндүрүп жатат. Шектүү аял соттун чечими менен тергөө абагына киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
24.04.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба. Адам олтуруу чымчык олтургондой эле болуп калыптыр. Психология Бузулуке да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: