super.kg logo

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 10 жылга соттолду

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындай маалыматты Тengrinews.kz басылмасы жазды. Бүгүн, 24-апрелде Алматы шаарында ага сот чечим чыгарды. Ал Кыргыз-Казак чек арасындагы аткезчиликке айыпталып жаткан.

"Дамирбек Асылбек уулу "экономикалык аткезчилик", "мамлекет аралык уюшкан топ түзүү жана жетектөө" беренелери менен айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды", - деп жазылат басылманын маалыматында.

Мындан тышкары 39 жаштагы Кыргыз жараны Уланбек Мурадилов менен 34 жаштагы Чыңгыз Абакировду да сот күнөөлүү деп тапкан. Сот өкүмдү окуп жатканда айыпталуучулар жаңжал чыгарууга аракеттенишкен.

"Формачан кызматкерлер соттолуучуларды тезинен сот залынан чыгарып башташты. Сот дагы өкүмдү аягына чейин окубай эле залдан чыгып кетти. Соттолуучулардын туугандары залда ызы-чуу болуп көпкө отурушту. Алар андан кийин да соттун имаратынын алдында нааразычылыгын билдирип, кетпей турушту", - деп жазды Тengrinews.kz.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны да болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип колго түшүшкөн.

Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.04.2019. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде миллиондогон акча жегендер 4 жылга соттолдуго
24.04.2019. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alixan-Nookat.2015,айтпа,тем более бул депутатты болоор-болбос контрабандага куноолоп жатышат,анча-мынча коммерсанттар мунун жакшылыгын коруп журушту го,а миллиондогон акчаны жегендер куйругун карматпай журушот.
24.04.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына биздин уулу урматтуу депутаттар?
24.04.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отурсун.
24.04.2019. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Берки 119 ун алып барып кошуп коюш керек
24.04.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tolkun555,сокени дагы
24.04.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот менен азилдешти да колунан не келет деп
Итогу корду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: