super.kg logo

Коррупционерлерден өндүрүлгөн миллиондогон акчалар эмнеге жумшалары айтылды

 

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында өндүрүлгөн акчалар президенттин чечими менен социалдык объектилердин курулушуна жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде парламент жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, аталган акчага мектептер, бала бакчалар курулат. "Эгер дагы акча түшсө, өзүнчө чечим болот. Акча каражатынын кайсы жакка жумшала турганы боюнча силер менен кеңешишибиз мүмкүн. Президенттин чечими болот", - деди Абылгазиев.

2018-жылдын 22-июнунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.

2019-жылдын февраль айына карата коррупциялык иштерден өндүрүлгөн эсепке 1 миллиард 52 миллион 665 миң сом акча түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: