super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп айтууга моралдык акым жок" дейт депутат Рыскелди Момбеков

 

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.

Депутат Рыскелди Момбеков бул боюнча Абылгазиев баштаган өкмөт бир жыл ичинде көрүнүктүү иш жасай алган жок деген пикирин билдирди.

“Азыркы аткаруу бийлигине ашыкча сын айтып келген эл өкүлү катары алардын берген отчётун канааттандырарлык эмес деп эсептейм. Себеби бир жылдын ичинде алар тарабынан бир дагы көрүнүктүү иш жасалган жок, бир дагы инвестор тартылган жок. Бул жөнөкөй факт. Экинчиден, эл өкүлдөрү берген ишенимди актай албады, бюджеттин киреше бөлүгүнө белгиленген план-тапшырманы аткара алышкан жок. Тактап айтканда 6,9 миллиард сомго аз акча жыйналды. Демек, өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп айтууга моралдык акым жок”, - дейт Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Алтынбек Сулайманов, экс-депутатРавшан Жээнбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: