super.kg logo
  Саясат  

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов: "Өкмөттү жаман десек, жакшы өкмөттү бизге эч ким бербейт"

 

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды. Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов төмөнкүдөй жооп берди.

"Өкмөттү көпчүлүк коалиция түзгөн. Өкмөттү жаман десек, жакшы өкмөттү бизге эч ким бербейт. Жетишпегендиктерди, багыттарды айтып жатабыз. Бүгүн өкмөттүн отчётун колдоп беребиз”.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: