super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөттүн элдин жашоосун оңдоого багытталган иш-аракеттери жок" дейт жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров

 

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өкмөттүн отчётуна канааттандырарлык деп баа берилгендиги ыза кыла турган көрүнүш деген пикирде.

“Эмненин негизигинде Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп айтып жатат? Бул туура эмес. Элди шылдыңдагандык. Абылгазиев айтып берсинчи кайсы жерде ишкана ачылды? “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды, бирок эч нерсе оңдолгон жок. Элдин жашоосун оңдоого багытталган иш-аракеттер жок. Өкмөттүн отчёту канааттандырарлык эмес деп табылышы керек. Парламент Абылгазиевге сыйыңыз менен отставкага кетиңиз деп айтышы керек болчу”, - деди Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, Алтынбек Сулайманов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Мирбек Айтикеев, Адил Турдукулов, саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: