Сузакта кышкы салатка ууланып аял эки баласы менен ооруканада
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аял эки баласы менен ууланып ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу аймактык оорукананын директорунун орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургундары 41 жаштагы аял анын 14 жаштагы уулу жана 12 жаштагы кызы бейтапканага 15-апрелде келип түшкөн.
"Ооруканага кайрылган адамдар кышкы салат жешкен. Алар 11 банка салат жабышкан. Кышы бою 10 банкасын жешип, акыркысын ачып жешкенде ууланышкан. Алар оор абалда келип түшкөн. Кыз менен апасынын үндөрү өзгөрүп, жутуусу начарлаган. Ал эми 15 жаштагы баланын көзүнө ар нерсе көрүнүп, кыйналган абалда келген. Учурда абалдары жакшы, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгышат", - деди Байдавлетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aliya-leyla

24.04.2019. 23:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.