super.kg logo

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунун сотунда жаңжал чыкты

 

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылды. Сот залында өкүм окулуп жаткан убакта залда уруш чыкканын Спутник Казакстан маалыматтык агенттиги жазып чыкты.

Видеодо көрүнгөндөй соттолгон жарандардын жакындары судья тарапка жулкунуп, ага карата жаман сөздөрдү айтышып жаткандарын көрүүгө болот. Ошондой эле сот өкүмдү толук окубай, ал эми конвойлор соттолгон 11 жаранды сот залынан чыгарып кетишкен.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны да болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип колго түшүшкөн.

Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, өткөн жылдын 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.






Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунун сотунда жаңжал чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: