super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-АПРЕЛЬ: Безгек илдетине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

 
Безгек кадимки малярия оорусу. Жер шаарында жылына 500 миллионго жакын адам безгек оорусу менен ооруйт. Анын ичинен 2 миллионго жакыны көз жумат. Бул оорудан өзгөчө 5 жашка чейинки балдар азап тартат. Оорудан көбүрөөк жапа чеккендерге Африка континентинин Сахара чөлүнүн түштүгүндө жашоочулар, Түштүк-Чыгыш Азиянын (негизинен Индия, Ооганстан), Таиланддын тургундары кирет.
Кыргыз мамлекети безгек өткөн кылымдын баш чендеринде кеңири жайылган оорулардын бири болгон. Эпидемияга каршы иш-чаралар жыйынтыгында бул оору өлкөдө 1950-жылдары толугу менен ооздукталган. 1980-2000-жылдар аралыгында безгектин жайылышы сейрек мүнөздө болгон. Бирок 2002-жылдан тарта Кыргыз мамлекети безгек оорусу баш көтөрүп, бирок 2006-жылы кырдаал жөнгө салынган.
Безгек (малярия) итальяндардын “malaria” – “жаман аба” деген сө­зүнөн алынган. Анткени мурда ооруну жаман аба чакырат деп эсептешкен. Безгек “саз калтыратмасы” деген ат менен да таанымал.
25-апрелге карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: