Бала бакчада бир керебетке 4-5тен, батпай калганы жерге жаткан балдардын видеосу боюнча ата-энелер тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылышат
Бала бакчада бир керебетке 4-5тен, батпай калганы полго жатып уктаган балдардын видеосу боюнча ата-энелер тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына ал бала бакчага баласы барган Батма Калчаева билдирди.
"Бала бакчанын директору жагдайды түшүндүрүүгө аракеттенди. Бирок биз тиешелүү мекемелерге кайрылып бул жагдай боюнча чара көрүүнү өтүнөбүз. Биз ата-энелер биргелешип, арыз жазып Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына, президентке да кайрылуу жолдойбуз. Балдарыбыз мындай шартта каралышына каршыбыз. Директорун кызматтан алууну көздөбөйбүз, бирок тартипке келтирип, биздин балдар тиешелүү шарттарда каралышын талап кылабыз", - дейт Калчаева.
Бала бакчанын директору Айнагүл Мадылбаева бул жагдайды орто тайпадагы балдардын уктоочу бөлмөсүндө сырдалган жерлери кургабай калгандыктан балдар башка тайпадагы балдар менен бирге жаткырылганын түшүндүргөн.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
23-апрель күнү интернетте бала бакчада 50гө жакын бала бир бөлмөдө, бир керебетке 4-5тен узун-туурасынан жатканы тартылган видео тараган. Кээ бири батпай калып, полдо уктап жаткандары да бар. Тасма Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында тартылганы аныкталган.




1 |