Өлкөнүн түштүгүндө жер көчкү түшүү коркунучу бар аймактар
Аба ырайы жылуу болуп жана жазгы жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагында жер жибип, жер көчкү түшүү коркунучтары жогору. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 1 миң 204 тилке калк жайгашкан аймактарга жер көчкү коркунучун жаратууда. Мунун дээрлик 80 пайызы өлкөнүн түштүк аймагында.
2019-жылдын жаз-жай мезгилинде өлкөнүн жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарынын тизмесин жарыялайбыз:
Алай районунун тоо этектеринде жана Чанач-Сай-Падыша-Ата, Ит-Агар сууларынын ортосунда, Ит-Агар-Афлатун-Кара-Суу дарыяларынын ортосундагы тоо этектеринде Ак-Жол жана Райкомол айылдарынын ортосундагы Кара-Суу дарыясынын сол жээгинде, Ак-Суу айылы менен Таш-Көмүр шаарынын ортосундагы Кара-Суу дарыясынын оң жээгинде жер көчкү жүрүшү мүмкүн.
Майлуу-Суу дарыясы Бабаш-Ата тоо кыркасынын түндүк батышынан башталат. Сууну көлөмүн Кутай, Кара-Агач, Сары-Бээ, Күлмөн-Сай дарыялары агып келип кошулуп, көбөйтөт. Дарыялар бассейнинде 175 жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкенин 40тайы калк жайгашкан аймакка коркунуч жаратат.
Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясы Фергана тоо кыркаларынын түштүк-батышынан башталат. Ага Кызыл-Үңкүр дарыясынын суулары кошулган соң суу кеңейип, бассейн пайда болот. Дарыянын Беш-Бадам айылынан баштаган сол тарабы 15 чакырымга чейин көчүүгө жөндөмдүү болуп турат. Мындай коркунучтан улам аталган аймактан Алмалуу, Кайнар-Булак, Бува-Көл, Курган-Жар, Көк-Алма, Сары-Булак айылдарынын эли 1988-жылы көчүрүлгөн. Ошентсе да учурда аталган аймактарда калк жайгашкан жерлерге жакын 76 тилкеде жер көчкү жүрүү коркунучу жаралып жатат.
Кара-Үңкүр дарыясынын түндүк-батыш өрөөнү, Ооган-Талаа айылынын тушундагы Кара-Кол айылы жайгашкан кыр, "шайтан көпүрө" тилкесинин аймагы, Могол участогу жана Асланбап, Гава-Сай суулары агып өткөн аймактар кооптуу.
Көгарт дарыясынын бассейни, Чаткал дарыясынын жээктери, Кара-Дөбө-Сары-Булак сууларынын аралыгында, Терс, Каракорум, Сандалаш дарыясы агып өткөн аймактар болуп, жалпысынан Чаткал районунда 12 көчкү жүрүүчү аймак катталган.
Жазы дарыясынын бассейнинде калктуу аймакка коркунуч жараткан 242 тилке жана өрөөндөр аныкталган. Алардын ичине өтө кооптуу аймактар: Зергер, Ничке, Кандава жана Кара-Тарык сууларынын жээктери. Зергер суусунун сол жээги кооптуу аймактарга кирип, айыл-чарба иштерине тоскоолдук жаратып, жолдорду жууп кетүү коркунучу жогору.
Кара-Дарыя суусунун бассейни Тар, Кара-Кулжа суулары кошулгандан улам кооптуу абалдарды жаратышы ыктымал.
Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагындагы Ылайсуу (Кызыл-Суу) дарыясынын өрөөнүндө Сары-Конгой, Ташкоча, Кыложун, Сары-Булак, Конокбай-Талаа, Тегерек-Саз, Кызыл-Булак айылдарынын аймактарында эң өрчүгөн жер көчкү коркунучтары бар.
Куршаб, Гүлчө, Талдык дарыяларынын бассейндери: аталган аймактарда 316 жер көчкү түшүү коркунучу бар. Алардын ичине 97си калктуу аймакка коркунуч жараткан көчкү болушу ыктымал.
Ак-Буура дарыясынын аймагы, Ак-Терек, Алчалы, Тарылга, Кызыл-Туу жана Кырк-Кичик дарыясынын жээктери кооптуу. Кара-Суу районунда калктуу аймакка коркунуч жараткан 54 жер көчүү учуру бар. Чувай өрөөнүндө 15, ал эми Кадамжай районунда 13 жер көчүү коркунучу бар.
Мындан тышкары Сүлүктү ойдуңу, Толук-Торкен ойдуңу да көчкү жүрүүгө кооптуу аймактар.



Биздин ата-бабаларыбыз сабатсыз болгон экен. Баары эле тоонун тугуно качышкан. Озбек туугандардан улгу алсак болот, жалан тегиз жерде жашайт. Ош шаарында, Озгон р-н Озгон шаарында, Ноокат р-н центринде, Кызыл-Кыя шаарында.
Ошто биз домдо тыгылып жатабыз, домдун алдында махаласинда жыргаап жузум жеп жашашат жер уйдо