super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: "Баарынан мыкты" балдар долбоорунда Ван Даммды туураган Кыргыз бала көпчүлүктү таң калтырды

 

Медиа-порталдын "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "Баарынан мыкты" балдар долбооруна катышкан Кыргыз баланын видеосу жүктөлдү. Анда Мухаммад Али Хасанахунов америкалык актёр, режиссёр, каскадёр Жан-Клод Ван Даммды туураган. Видеону Орусиянын "Биринчи каналы" 21-апрелде эфирге чыгарды.

Элдин алдына чыккан Мухаммад Али турникке тартынып, бир нече трюктарды көрсөтүп, турникте тартынып турганда моюнуна 32 килограммдык гиряны дагы көтөрдү. Ошондой эле ал Жан-Клод Ван Даммдын жүк ташыган унаанын күзгүсүнө туруп шпагат жасаган трюгун дагы кайталап, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Мухаммад Али Хасанахунов долбоордун алып баруучусу Максим Галкин менен болгон маегинде айылда аны Али Ван Дамм деп аташарын, бул долбоорго катышуу үчүн атайын орус тилин үйрөнгөнүн айтты. Мындан тышкары ал кызыгуулары, келечек пландары тууралуу айтып, чоңойгондо таэквондо боюнча Олимпиада чемпиону болгусу келерин билдирди. Мухаммад Али 5 жашынан тарта таэквондого кызыгып, машыга баштаган. Учурда анын машыктыруучусу - атасы. Мухаммад Алинин атасы штангист болгону менен таэквондодогу эрежелерди интернеттен көрүп, уулуна үйрөтүп келет.

Кичинекей жылдызга айланган Мухаммад Али Хасанахунов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Таширов айылынан болот. Ал 10 жашта.

Буга чейин "Баарынан мыкты" долбооруна Жалал-Абад шаарынан барган Нурмухамед Ташмаматов катышкан. Ал нунчак менен кол ойнотуп, Брюс Лини жазбай туураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
25.04.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстанда таланттар толтура,бирок колдоо жок
25.04.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Красавчик
25.04.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец. Ийгилик кудайым колдосун. Тилегиңе жет
25.04.2019. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Али Вандам!
25.04.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Алишка Ван Дамм
25.04.2019. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат
26.04.2019. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aзаматсын Дайыма ушинтип Кыргыздын Атыны чыгарып журобер ийгилик красавчик бала экен Атандын сыймыгы бол укам,Биз Кыргыздар сендей талантуу адамдар мн сыймыктанабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: