"8 миң сом айлык милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө жетеби?" деген суроого министр: "Жеткен үчүн жашап жатабыз да"
Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берүүнү улантууда. Анда депутат Урмат Самаев ички иштер министрине кайрылып милиция кызматкерлеринин орточо айлык акысы канча экенин сурады.
"Кашкар Астаканович, азыркы учурда ИИМдин сержанттык курамынын айлыгы канча?", - деди Самаев.
Буга министр Кашкар Жунушалиев "бизде кичүү сержанттык курамдын айлыгы 8 миң сомдон 12 миң сомго чейин" деп жооп узатты.
"8 миң деп жатасыз, алган акчасы милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 айга жетиштүү болобу?" деди депутат.
"Жеткендиктен жашап атабыз да" деп жооп берди министр.
Милиция кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатат деген суроого министр: "Азыркы күндө күч органдарынын кызмат өтөөсү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Алардын айлык акысын көтөрүү боюнча маселени 2-3-окууларда чогуу карайбыз", - деди.
Министр милициянын 8 миң сом айлыгы боюнча: "Жеткен үчүн жашап жатабыз да"


Мен 4жыл окуума контракты кошкондо 100*4=400+50пара+аш+шефке=500мин кетти...
Азыркы учурда Европада кара жумушта иштеп жатам (айлык 8ч иштейсин примерно 1-500-2000€ чейин тааап жатабыз). 1жыл болду магистратурада окуп жатам (заочный