“Мен Сокенин адамымын, мени Соке жөнөткөн”. Оштогу аэропорттун кызматкерлери бөлүм жетекчисине каршы чыгышты





"Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын Коопсуздукту текшерүү бөлүм жетекчиси Абдыбаит Матиевге каршы митинг өттү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына аэропорттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, бул митинг 3 күн мурун болгон. "Матиев сыноо мөөнөтүн өтүп жаткан. Аны иштен алуу боюнча расмий буйрук чыга элек", - дешти мекемеден.
Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, аталган митингде кызматкерлер бөлүм башчыны иштен кетирүүнү талап кылышкан. "Ал 15-апрелден баштап Коопсуздукту текшерүү кызматына жетекчи болуп келди. “Мен Сокенин адамымын, мени Соке жөнөткөн, өзүм билгенимди кылам" деп коркутуп, бизди уруу-урууга бөлүп, сөгүп, уят нерселерди айтты. Биз аны менен иштеше албайбыз. Бир киши келип баарыбызды иштен ала албайт. Керек болсо өзүбүз аны иштен алып коёбуз. Анын ордуна кызматты түшүнө турган, маданияттуу сүйлөгөн адамды коюп берүүнү суранабыз. Кээ бир балдарды "кара тизмеге" коюп, аларды иштен кетирет экен. Мындан кийин аны менен иштешиш керек эмес деп чечтик", - дешкен кызматкерлер.
Ош аэропортунун жетекчиси Талант Исаков бул маселени чечүүнү аракет кыларын убадалаган.
Коопсуздукту камсыздоо боюнча бөлүм башчы Абдыбаит Матиев кызматкерлердин ишине нааразы экенин айткан. "Менин милдеттеримдин бири - тартипти кароо. Кызматкерлердин формасы талапка дал келбейт экен. Алар мага "каалагандай иштей бериңиз, бул жакта өзгөртүү киргизе албайсыз" деп шарт коюшту. "Келип унчукпай кете бер" деп жатышат. Иш жасашпайт. Жумуш бүткөндө 10 мүнөт анализ болуш керек. Ошону да кылбайбыз дейт. Диван, креслолорду коюп коюшуптур. Алар ишке иштегени келишеби же уктаганыбы? Кызматка келгениме болгону бир жума болду, уруу-урууга бөлгөн жокмун, "кара тизмени" да түзгөн жокмун. Бул маселе боюнча мыйзам чегинде териштирүүлөр болсун деп суранам", - деп айтып берген журналисттерге Матиев.
Оштогу жетекчи "Сокенин адамымын, билгенимди кылам" дедиби?
























1 |