Ош шаарында ичүүчү суу жаан-чачындан улам эмес, пландуу токтотулган
Ош шаарында кечээ, 24-апрель түнү ичүүчү суу токтотулган. "Ош шаар суу канал" муниципалдык мекемесинин кызматкери Талант Байкишиевдин билдиргенине караганда, ичүүчү суу пландуу өчүрүлгөн.
"Жыл сайын жаз-жай мезгилдериндеги жаан-чачындуу аба ырайынан улам Ак-Буура дарыясы кирдеп, Ош шаарына бир нече ирет суу берүү токтотулуп келет. Кечээ 24үнөн бери суунун берилбей жатышы бул маселеге байланыштуу эмес. Учурда пландуу оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Нөшөрлөп жааган жамгырда гана убактылуу суу токтотулат. Жыл башынан бери мындай учур 2-3 ирет катталды. Ал эми майдалап жааган жамгыр учурунда суу берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бүгүн 26-апрелге караган түнү саат 24:00дө суу кайрадан бериле баштайт", - деди Байкишиев.
Ошондой эле маалыматта кошумчалангандай, 2 жылдын аралыгында Ош шаарында нөшөрлөп жааган жаан учурунда суу токтоп калуу көйгөйү чечилери айтылды. Учурда 5,5 миллион доллар талап кылган долбоорду ишке ашыруу аракеттери жүрүүдө. Долбоорду каражат менен камсыздоочу демөөрчүлөр да табылган.




1 |