Жалал-Абад облусунда экстремисттик көз карашты колдогон 687 адам каттоодо турат. Буга байланыштуу тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү






Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремисттик көз карашты колдогон жалпы 687 адам каттоодо турат. Жыл башынан бери бул багытта 20 факт аныкталган болсо, 18 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө жаштардын жана аялдардын арасында диний радикалдашуу күчөп бараткандыгы байкалууда.
"Бүгүнкү күндѳ Кыргыз өлкөсүндө ислам динине жамынган радикалдуу агымдарынын пайда болуусу байкалууда. Бул тенденция белгилүү бир мерчемде чет өлкөлөрдөн трансформацияланган диний экстремисттик уюмдардын таасири менен өнүгүүдө.
Жаштардын жана аялдардын диний радикалдашуусу күчөп бара жаткандыгы, жеке үйлөрдө ар түрдүү топторго биригип алып диний таалим алып жаткан кыз-келиндердин бар экендиги ачыкталып жатат.
Жогорудагыларды эске алуу менен, аялдар жана кыздардын радикалдык топтордун катарына кошулуп калуусун токтотуу, диний же расалык айырмачылыктарына карабастан жарандардын бирдей укуктарын камсыз кылуу максатында, Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан апрель айынын ичинде тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткен Кыргыз жарандарынын 20 пайызын кыз-келиндер түзөт. Көпчүлүгү Сирияга мурда кеткен туугандарынын же күйөөлөрүнүн чакыруусунан баш тарта алышпай, ошол жакка сапар тартышкан. Айрымдар, акча табууга же жалган диний баалуулуктарга кызыгып, азгырылуулардын курмандыгы болуп жатышат", - деп айтылат маалыматта.








1 |