super.kg logo

Бишкекте унаа эки аялды сүзүп, бири окуя болгон жерде каза болду. Айдоочусу 16 жаштагы өспүрүм болгон

 

Бишкектин Мессароша көчөсүндө жеңил унаа эки адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Кызыл-Аскер районундагы Мессароша көчөсүндө 24-апрель күнү саат 13:30 чамасында катталган.

"Хонда Фиттин айдоочусу унаасын башкара албай калып, эки жөө жүрүүчү аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 54 жаштагы Р.М. аттуу аял окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 55 жаштагы П.Р. аттуу аял жана унаанын айдоочусу Ш.А. аттуу 16 жаштагы өспүрүм Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген.

Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Өздүк булактардын билдиргенине караганда 16 жаштагы өспүрүм унааны ата-энесине айтпай айдап чыккан. Унаа айдоочунун өзүнө тийиштүү болгон эмес.

Маалымат үчүн:

Айдоочулук күбөлүк 16 жаштан баштап бериле баштайт.

16 жашта "А", 17 жашта "В", 18 жашта "В,С" категориялары берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
25.04.2019. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээ жаман болуптур ошон учун ата энелер козомолдосор болот балдарынарды.Мына эми мне болду жаш эле бала экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: