super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Борбордук базарда рейд жүрүп, алтын саткандар текшерилди

 
Базарда алтын сатуу менен алектенген ишкерлерди текшерүүдөн өткөрүүчү комиссия
Базардагы зер буюм саткандар текшерилип, көбүнүн патенти жок болуп чыкты
Базардагы зер буюм саткандар текшерилип, көбүнүн патенти жок болуп чыкты
Базардагы зер буюм саткандар текшерилип, көбүнүн патенти жок болуп чыкты
Зер буюмдарды сатуу менен алектенген кезектеги ишкер айым
Сатыктагы зер буюмдар
Рейддин уюштруучулары түшүндүрүү иштерин жүргузүүдө
Алтын, күмүш сатуучулар "1000 сомдон патенке акча төлөгүлө" деген сунушка макул болушкан жок
Алтын, күмүш сатуучулар "1000 сомдон патенке акча төлөгүлө" деген сунушка макул болушкан жок
Алтын, күмүш сатуучулар "1000 сомдон патенке акча төлөгүлө" деген сунушка макул болушкан жок
Бүгүн, 30-июлда Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн турган топ рейд жүргүзүштү. Шаардын биринчи вице-мэри Тайырбек Чойбековдун айтымында, мэриянын буйругу менен комиссия түзүлүп, анын курамына салык башкармалыгынын, соцфонддун, шаардык  статистика кызматынан жана мэриянын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери кирген. Рейдде базарда алтын сатып иштегендер текшерилди. "Ар бир  алтын сатуучу же сактоочу ишкерлер жеке ишкер деген күбөлүк алышы керек. Аны бир гана жолу алып, тийиштүү жерлерге каттоого турат. Андан кийин өмүр бою ошол күбөлүк менен ишин жүргүзсө болот",- дейт Чойбеков. Рейд учурунда текшерүүчүлөр сатуучуларга "ар бириңер 1000 сомдон айына патент аласыңар" деген сунушун айтышты. Бирок сунушту соодагерлер колдогон жок, алар базардагы соода кылган жер аянтын өлчөп, ошого жараша патент аларын билдиришти. Соңунда жердин аянтын өлчөп, ага жараша төлөмдөрдү аныктай турган комиссия түзүлмөй болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: