super.kg logo

Кара-Кулжада 29 жаштагы кыз дарыяга агып каза болду. Ал көп жылдан бери психикалык жактан жабыркап келген

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына 29 жаштагы кыз агып кетип каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кыз 22-апрель күнү саат 18:30 чамасында дарыяга аккан.

Кеңеш айыл аймагында дарыяда балык уулап жаткан адам сууда аял кишинин жансыз денеси агып бара жатканын көрүп, 102 кызматына кабар берген. Ал адам ошол замат айылдын тургундарын чакырып, жансыз денени суудан алып чыгышкан.

"Окуя болгон жерге Кара-Кулжа РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон кыз Кеңеш айылынын 29 жаштагы тургуну экенин аныкташкан. Ошондой эле маркум көптөн бери психикалык жактан жабыркап каттоодо турган. Окуя болгон күнү ата-энеси кызын издеп таппай калышканын айтып, ага соттук-медициналык экспертиза жасатууну каалаган эмес. Маркум ата-энеси менен жашап келген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
25.04.2019. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жайы жаннатта болсун, жакындарына сабыр тилейм
26.04.2019. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Аллахым бейишинен орун берсин.
26.04.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Жараткан Тенирим баардык кырсыктан сактай кор. Элибизге тынчылык гана алып келе кор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: