super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөткө "канааттандырарлык эмес" деп баа бермекмин, бирок менин ордума башка бирөө добуш берип коюптур" дейт Ирина Карамушкина

 

24-25-апрель күндөрү өкмөт Жогорку Кеңеште отчёт берди. Эки күн ичинде депутаттардын дээрлик бардыгы өкмөткө суроо берип, бир тобу сын айтышты. Бирок көпчүлүктүн добушу менен отчёт "канааттандырарлык" деп табылды. Каттоодон өткөн 114 депутаттын 103ү "макул", 1 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди.

"Каршы" деп добушту депутат Исхак Масалиев берген. Ал өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деп баа берүү керектигин айткан.

Оппозициялык КСДП партиясынын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина да отчётко "канааттандырарлык эмес" деп баа бермектигин, бирок жолугушууга кеткенине байланыштуу добуш берүүгө катыша албай калганын SUPER.KG порталына түшүндүрдү. "Менин ордума башка бирөө "макул" деп добуш берип коюптур", - деди Карамушкина.

Учурда депутаттар Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков, Альфия Самигуллина, Карамат Орозова, Анвар Артыков, Рыскелди Момбеков да оппозициялык КСДПнын мүчөлөрү экени белгилүү. Кодурановадан тышкары алардын баары өкмөттүн отчётуна "макул" деп добуш бергени тизмеде көрсөтүлдү. Кодуранова отчётко добуш берген жок.

Талкууда парламенттик оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясы тарабынан өкмөткө сындар айтылган. Бирок бул фракциянын бир да депутаты "каршы" деп добуш берген жок. Көпчүлүгү добуш берүүгө катышпай койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: