Чүй облусунда дан эгиндеринин 77 пайызы жыйналганын вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди
Учурда Чүй облусунда дан эгиндерин жыйноо иштери
аяктап калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда вице-премьер-министр Тайырбек
Сарпашев билдирди. Айтымында, облустагы 77 пайыз дан эгиндери орулуп бүткөн. “Быйыл
620 миң тонна дан эгиндерин жыйнайбыз деген план бар. Бул көрсөткүч былтыркы
жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп болуп саналат. Ошондой эле 50 миң тонна буудайды өкмөт дыйкандардан сатып алат.
Ал эми буудайды унга алмаштыруу системи да каралган”,- деди Сарпашев.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















