super.kg logo

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин айлык акысы боюнча түшүндүрмө берди

 

Кечээ, 25-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Урмат Самаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге милиция кызматкерлери канча айлык алат жана ал акча үй-бүлөсүн багуу үчүн жетеби деген суроо узаткан. Бул суроого министр "жашап жатабыз го" деген жооп узаткан.

Мындан улам Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

"Айрым маалымат каражаттары министрдин жообун туура эмес түшүнүп алышкан. Депутаттын суроосуна министр Кашкар Жунушалиев “мүмкүн болушунча жашап жатабыз да, жетишинче” деп жооп берген. ИИМдин башчысы өз жообунда милициянын кенже сержанттык курамы чындыгында 8 миң сомдон 12 миң сомго чейин аларын белгилеп, бирок ал каражат жетиштүү экендигин айткан эмес. Аны видеодон текст жана эмоция түрүндө байкоого болот.

Ички иштер министри суроолорго жооп берип жатып, парламенттин депутаттарын экинчи окууда ИИМ тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранган. 2018-жылдын 28-июнь күнү Жогорку Кеңеш “Укук коргоо органдарында кызматын өтөө жөнүндө” мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алгандыгын эскертебиз. Мыйзам долбоорду экинчи окуунун алдында зарыл болгон сунуштар менен эскертүүлөрдү киргизүү үчүн кошумча кеңири талкууга коюу сунушталган. Мыйзам долбоорун кабыл алууда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, биринчи кезекте катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызматкерлеринин 40 пайызга чейин, аны менен бирге ички иштер органдарында кызмат өтөгөндүгү үчүн 30 пайызга чейин айлык маяналарын көбөйтүүгө шарт түзүлөт. Укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсиялары 40 пайызга чейин көбөйтүлөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.04.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан тузулот ошо, анынар ишке ашканча канчасы пенсияга кетет. 12000 айдык семейный адамга жетпейт, дагы озунун уйундо жашасаго мейли, квартирант болсо квартпала озу эле 5минден ойдо 10-12 болуп атат. ЖЕп ичкени, жол киреси, балдарын окууга бергени, садиги дегеле койчу айта берсен расход коооооп. Бир эле милициянын эмес мугалимдики, дагы башка бюджеттин аз айлык алган ишчилеринде ушундай тартыштык кооп. Чет жактарга деле даяр диплому туруп, жыргаганынан кетпесе керек, башына тартса буту ачылып.
27.04.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура 12-мин жетпейт садике жолкире жеп ичкени расход жетпейт чын 15000-18000 болсо жеткирсен болмок тааныштарым иштейт милиция да жеп ичкенине жетпейт конул бурган адам жок....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: