super.kg logo

Кудай сактады. Бишкекте жол кырсыгына кабылып, өрттөнүп кеткен унаанын айдоочусу делген кыздын абалы жакшы

 

Бишкекте 25-апрелге караган түнү жол кырсыгына кабылып, өрттөнүп кеткен унаанын айдоочусу делген кыздын баш мээси чайкалган. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-апрелге караган түнү Бишкектеги Масалиев көчөсүндө (Түштүк магистраль) жол кырсыгы катталган, анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа жолдун жээгиндеги тосмону сүзүп, өрттөнүп кеткен. Унаанын ичиндеги эки кыз ооруканага жеткирилген болчу.

"Жол кырсыгынан жабыркаган 2001-жылы туулган К.к.А. жана 1999-жылы туулган С.А. аттуу эки кыз 25-апрель күнү таңкы саат 4:00 чамасында ооруканага келип түшкөн. К.к.А. эч кандай жаракат албаганына байланыштуу үйүнө чыгарылган. Ал эми С.А. аттуу кыздын баш мээси чайкалганы аныкталып, бүгүнкү күндө ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Абалы жакшы", - деп билдиришти ооруканадан.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда унаанын айдоочусунун аты-жөнүн аныктоо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.04.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо 17-18 жаштагы байдын эрке кыздары тунку саат тортто кочодо жургон болуп калабы.
26.04.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уунаанын айдоочусу делген кыздын студенттик билети табылды деп сүрөтү менен турат го. Анан дагы айдоочунун аты жөнүн аныктоо иш-аракети жүрүүдө дегени кандай?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: