Бишкекте унаасы менен көпүрөдөн түшүп кеткен айдоочу кызга операция жасалат
Бишкекте унаасы менен көпүрөдөн түшүп кеткен айдоочу кыз операцияга даярданууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков кабарлады.
"Жабырлануучунун акыреги сынган, учурда аны операцияга даярдоо иштери жүрүүдө. Мындан сырткары анын 8 кабыргасы жана жамбаш сөөгү да сынып кеткен. Кабыргалары убакыттын өтүшү менен өз калыбына келет, ал эми жамбаш сөөк жылышпагандыктан ага да операция жасалбай турган болду. Учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда”, - дейт Кубатбеков.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Жол кырсыгы 21-апрелден 22-апрелге караган түнү, саат 02:00 чамасында Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдө орун алган. Анда Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатканда жолдон чыгып кетип, көпүрөдөн түшүп кеткен.
Айдоочу кыз көпүрөдөн унаасы менен түшүп кетти


