super.kg logo

Орусиялык ырчы Женя Отрадная "Дарак ыры" тасмасында үн коштоп, мюзиклдеги ырды орус тилинде аткарып чыкты

 

"Уходи, дверь закрой" чыгармасы менен таанылган орусиялык ырчы Женя Отрадная "Дарак ыры" тасмасында үн коштоп, мюзиклдеги чыгарманы орус тилинде аткарып чыкты. Бул тууралуу "Дарак ыры" тасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков билдирди.

"Негизи тасманы орус тилине которуу үчүн үн коштоочуларга кастинг жарыялаганбыз. Бирок башкы каармандардын бири Бегимайдын үнүн орус тилинде коштогонго ылайыктуу кыз таба албай койдук. Кастингге Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Казакстан, Орусиядан дагы каалоочулар катышкан. Алар үндөрүн интернет аркылуу жиберип, арасынан Женя Отраднаяны тандаганбыз.

Тасмада адамдардын сүйлөшүүлөрү орус тилине которулган, ал эми чыгармалар орус тилине которулган эмес. Үн коштоо иштери аяктагандан кийин, Женя Отрадная тасмадагы башкы каарман Бегимайдын ырын ырдап чыгууну суранды. Биз макул болгонбуз. Чыгарманы орус тилине которуу үчүн 4-5 ай кетиптир. Женя Отрадная чыгарманы ырдап чыгып, ал тургай клип дагы тарттырыптыр. Жакын арада клип көрсөтүлөрүн Отраднаянын продюсери маалымдады", - дейт режиссёр.

Ошондой эле дагы бир орусиялык ырчы "Дарак ыры" мюзиклиндеги чыгарманы орус тилине которуп, ырдап чыгууну сунуштаган. Айбек Дайырбеков учурда ал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.






"Дарак ыры" тасмасындагы ырды орусиялык ырчы Женя Отрадная ырдап чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: