super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштери уланууда

 

Бишкектин Гагарин көчөсүнүн Чапаев көчөсүнөн Псковский көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, асфальттын 2-катмарын төшөө ушул аптада аяктайт. 1-катмарын төшөө өткөн аптада аяктаган. Жолдун бул бөлүгүнүн узундугу 700 метрди, туурасы 15 метрди түзөт. Жолдун туурасы 4 метрге чейин кеңейтилип, жол кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Долбоор боюнча Гагарин көчөсүндөгү жолго эки катмарлуу асфальт төшөлүп, тротуарлар оңдолуп, жол тосмолору орнотулат. Жол белгилери коюлуп, тышкы жарыктандыруу иштери да жүргүзүлмөкчү. Аталган көчөнү оңдоп-түзөө иштери этаптуу жүргүзүлүп, 5 тилкеге бөлүнгөн. Азыркы мезгилде жолдун Манас проспектинен Чапаев көчөсүнө жана Тимур Фрунзе көчөсүнөн Муромский көчөсүнө чейинки бөлүктөрү оңдолуп, жол кыймылы ачылды. Ал эми Термечиков көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыртышын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Август айында Бах көчөсүнөн Некрасов көчөсүнө чейинки бөлүктү оңдоп-түзөө башталат. Гагарин көчөсүнүн жалпы узундугу 4,2 чакырымды түзөт. Белгилей кетсек, жолдорду оңдоп-түзөө иштери түркиялык насыянын эсебинен жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: