Ошто батирге эки кызын кароосуз калтырып кеткен эне 3 айдан бери алардан кабар алган жок
Ош шаарында ижарага алып, жашап жаткан батирге эки кичинекей кызын кароосуз калтырып кеткен эне 3 айдан бери кыздарынан кабар ала элек. Учурда эки кызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG'ге Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.
Белгилүү болгондой, кыздардын энеси алар борборго алынгандан кийин, бир эле жолу келип кабар алган. Кыздарын кароосуз калтыргандыгын турмушка чыгып кеткендиги менен түшүндүргөн. Такталбаган маалыматтарга ылайык, кыздар Өзбекстандан келген болушу мүмкүн деп айтылууда.
"Учурда 2012-жылы туулган Мадина жана 2017-жылы туулган Мубинага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө кыздар дале Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдарды реабилитациялык-адистештирилген борборунда каралууда. Алардын апасы 1-февралда келип кеткен бойдон кыздарынан кабар алган жок. Аны табуу үчүн тиешелүү мекемелерге кайрылганбыз, бирок андан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Кыздарга күбөлүк алуу иштери сот аркылуу ишке ашкандыктан, ар кандай кыйынчылыктар жаралууда. Себеби бул кыздар жана энеси тууралуу эч кандай такталган маалымат жок", - дейт Раева.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Эки кичинекей кызы менен Ош шаарынын Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндѳн кийин кыздарын үйгө таштап кетип, 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган. Кийин рейд учурунда кыздарды тиешелүү мекеменин кызматкерлери алып кеткен. 1-февраль күнү кыздардын энеси шаардын социалдык коргоо башкармалыгына барган. Анын ишин караган комиссия кыздарын кайтарып бербөө чечимин кабыл алган. Ошондой эле кыздардын энеси 6 ай бою алардан кабар албаса, энелик укугунан ажыратыла турганы айтылган.





1 |