super.kg logo

Математиктер чамдаңыздар! Депутат Бакыт Төрөбаев мугалимдер арасында сынак жарыялады

 

Жалпы билим берүүчү уюмдарда окуучулардын көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мугалимдер арасында 4-5-6-класстын математикасы боюнча төмөнкү темаларга (төмөнкү темалардын бирине) сынак жарыялайт.

"Бөлчөк сандар өлкөсүнө саякат же бөлчөктөр деген эмне?"

Сынакка катышкан мугалимдер аталган темага узактыгы 10 мүнөттөн ашпаган көрүү-сабагын тапшырышы керек. Сабак окуучуга жеткиликтүү, жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде баяндалсын. Материал ар бир окуучуга түшүнүктүү болсун. Тема так, жеткиликтүү жана кызыктуу баяндалышы шарт! Тиешелүү сүрөттөр, формулалар, чиймелер жана мисалдардын, тапшырмалардын аткарылышы көргөзмө курал менен биргеликте коштолсо болот.

"Бөлчөк сандар өлкөсүнө саякат же бөлчөк деген эмне?" темасына "Онлайн окутуу" сабагы:

  • Ыӊгайлуу
  • Көргөзмөлүү
  • Түшүнүктүү
  • Кызыктуу
  • Заманбап болушу керек.

Сынакка мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын 4-5-6-класстарынын мугалимдери киргизилет.

Шарттары:

  1. Сынакка катышуу үчүн 10 мүнөттүк көрмө-ролик, мектебин (№, жайгашкан жерин) көрсөтүү менен катышуучунун аты-жөнүн, байланыш телефон номерин төмөнкү даректердин бирине жөнөтүшү керек.
  2. Сынакка катышып жаткан мугалим көрмө-сабагынын өз усулун иштеп чыгышы зарыл.
  3. Сынактын жеӊүүчүсү жана сыйлык ээси болуп тапшырманы ийгиликтүү аткарган мугалимдер чыга алат. Тандалып алынган көрмө-сабактар каралып чыгып, андан ары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунушталат.
  4. Суроо пайда болсо – 0312 63-86-44; 0755 16-33-30 номерине чалыӊыздар.
  5. Электрондук дарек – onuguu-secretariat@mail.ru, Фейсбук, Инстаграм баракчаларында да маалымат бар.
  6. Көрмө-материалды тапшыруу мөөнөтү 2019-жылдын 1-июлуна чейин.
  7. Берилген көрмө-материалдар 2019-жылдын 1-сентябрына чейин каралат.
  8. Тандалып алынган көрмө-материалдар сентябрда жарыяланат жана окуучулар тарабынан көрүлөт. Эӊ көп добуш топтогон көрмө-материал жеӊүүчү деп табылат.

кошулду





Бакыт Төрөбаев мугалимдер арасында сынак жарыялайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
26.04.2019. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан женуучулорго кандай сыйлык берилет?
26.04.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх шайлоо келе жатат эмнелерди гана ойлоп чыгышат.
SUPER.KG видео
27.04.2019. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А эмнеге 5 жылдан бери унчукбай журдун?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: