super.kg logo

Таш-Көмүрдө адам өмүрүнө кол салган деген шек менен 45 жаштагы жаран кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында адам өмүрүнө кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 21-апрель күнү болжол менен саат 19:30 чамаларында, Таш-Кѳмүр шаарынын Курулуш кичи районунда жайгашкан “Алтын-Шакек” кафесинин алдында болгон. Анда Таш-Көмүр шаарынын 35 жаштагы К.М. аттуу тургунун чала тааныш болгон атуул белгисиз себептер менен моюнуна бычак такап, андан соң ичине сайып жиберип окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Натыйжада, алган жаратынан улам жабырлануучу "Тез жардам" кызматы аркылуу Таш-Көмүр шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, операция жасалган.

Окуя болгон жерге Таш-Көмүр ШИИБинин тергөө-ыкчам тобу барышып, кароо жүргүзүлүп, "бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-тергөө тобу бул окуяга шектүү катары мурда соттолгон 45 жаштагы О.А. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Далил буюм катары анын көтөрүп жүргөн кара түстөгү спорттук сумкасынын чөнтөгүнөн канга окшош заттын издери бар бычак алынган. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми жабырлануучу аталган оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: