super.kg logo
  Саясат  

Депутат Айнуру Алтыбаева: “Азырынча облустардагы өкүлдөрдү жоюу керек деп так айта албайм”

 

Ош шаарында аймактарды санариптешүүгө арналган форумда мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган. Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Сулайманов бул маселени көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге уктаган чиновниктерди кызматтан кетирүү керектигин айтып, ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү институтун жоюуну сунуштаган.

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюу керек деген демилге туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева төмөнкүдөй жооп берди.

“Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү боюнча өкмөткө тапшырма берген. Учурда өкмөт маселенин үстүнөн иштеп, карап жатат. Азырынча облустардагы өкүлдөрдү жоюу керек деп так айта албайм. Өкмөт бардыгын анализдеп алып келгенден кийин карап чыгабыз”, - деди Алтыбаева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев, экс-депутат Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: