Кыргыз спортчусу Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону болду




Кыргыз спортчусу Үзүр Жусупбеков Кытайда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалды жеңип алды.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта күч сынашып, финалдык беттеште өзбекстандык Жахонгир Турдиев менен кез келди. Кыргыз спортчусу атаандашын 3:2 эсебинде жеңип, Азия чемпиону аталды.
Буга чейин Азия чемпиондугуна барган спортчулардан Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынышкан. Мындан сырткары 86 килограммга чейинки салмакта Алигажи Гамидгажиев күмүш медаль жеңип алса, 79 килограммга чейинки салмакта Ойбек Насиров коло медаль тагынган. Грек-рим күрөшү боюнча Асан Сулайманов, Руслан Царёв, Мурат Рамонов да коло медалды жеңип алышты.
Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Аллах колдоосу менен болуп атат. Кече Айсулуу кубантты эле бүгүн дагын бир жеңиш. Өкмөттөн анчалык колдоо болбосода Аллахтын колдоосу менен баары болуп атат. Рахмат силерге спортчулар. Акжол Махмудов болгондо дагын бир алтын болмок экен.