Бишкекте бүгүн шаар күнү белгиленет

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу борбор калаада бир катар майрамдык иш-чаралар уюштурулган.
10:00. Эмен сейил багында шахмат боюнча мелдештер башталат.
11:00. 3-кичи райондогу "Жаштык" маданият үйүндө майрамдык концерт өтөт.
10:00дөн 14:00гө чейин Кара-Жыгач сейил багында спорттук иш-чаралар, концерттик программа уюштурулат.
11:00дөн 12:00гө чейин Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде "Улуу көч" фольклордук ансамбли, "Аура" тобу концерттик программа тартуулайт.
11:00. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн концерт өтөт.
11:00дөн 13:30га чейин Аламүдүн-1 кичи районунун Көлбаев көчөсүндө спорттук иш-чаралар өтөт.
14:00. Тоголок молдо скверинде "Пишпек, Фрунзе, Бишкек" аталышындагы көргөзмө ачылат.
18:00. "Ала-Тоо" аянтында чет элдик ырчылардын жана Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа өтөт.
Шаар күнүнө карата өтүүчү майрамдык иш-чараларга байланыштуу Чүй кең көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Саат 16:00дөн түнкү саат 00:00 чейин Эркиндик бульвары менен Панфилов көчөлөрүнүн ортосундагы аралык жабык болот.


